text stringlengths 1 405k |
|---|
-Түштүк Африкадан кыргызстандыктарды кезиктире алдыңызбы? |
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын СИЗОсуна барып, анда чыккынчылык боюнча айыпталып кармалган саясат таануучу Марат Казакпаев менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоочулардын айтымында, Казакпаев ден-соолугунун абалына, атап айтканда, кан басымынын жогорулашына жана б... |
Мекеменин маалыматына караганда, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылды. |
Урманчино — Башкыртстандын Салауат районундагы айыл, Лаклин айылдык кеңешине карайт. 2009-жылдын 1-январына карата калкынын саны — 499 киши. Почта индекси — 452498, ОКАТО коду — 80247830002. Демографиясы Тургундардын динамикасы: |
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бир алкак бир жол демилгесинин 10 жылдыгына арналган Кыргызстан-Кытай достук коомунун салтанаттуу жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Анда алминистрлер кабинети тарабынан Кытайдын жарандары Гонконг жана Макао өзгө... |
Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов 15-майга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди. |
"Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев бүгүн президентке кайрылуу жолдоп, анда 21-январда агенттиктин айрым журналисттери коюп жаткан дооматтар негизсиз экендигин белгиледи. Турдукожоевдин айтымында, кечээ жамаат менен өткөн жыйналышта агенттиктин кызматкерлери айтылган дооматтарга байланыштуу да... |
Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай гуманитардык уюму Бишкек шаарында жарандарга медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн ишеним телефонун ачты. Команда COVID-19 белгилери бар адамдарга барат. Кызыл Жарым Ай дарыгерлери бейтаптарды, кычкылтек терапиясын жана ооруканага а... |
«Бул коррупциялык схемалар фактысынын бетин ачып жаткан ЖМКларды масштабдуу басып алуу. Бүгүн сөз эркиндиги тырмакчада гана калды», — дейт депутат. |
Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдала турганын билдирди. |
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигилже бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр-бир окульттук, магиялыкже башка ишенимсиз ыкмалар боюн... |
Синоптиктердин берген маалыматына ылайык, 31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8..13, күндүз 21..26 градус болот. Таласта т... |
Ар-Намыс партиясынын саясий кеңеши алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечти. Партиянын бул тууралуу чечимин анын лидери Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шайлоого катышуучу партиялардын тизмесине жана азыркы кырдаалдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү маселесине байла... |
Ташкент облусунда 16 жаштагы өспүрүм тааныштары менен бирге өзапасын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 31-июль күнү кечинде саат 9 дарда болгон. Мекемеден адам өлтүрүү фактысы кайсыл райондо катталганын так билдиришкен жок. Тергөөнүн версияс... |
Чоң Хупт-Сё — Орусиядагы дарыя. Ямало-Ненец АО, Ненец АО, Коми Республикасы жер аймактарын агып өтөт. Дарыя куйган жери — Саа-Яга дарыясынын сол жээгинен 115 км алыстыкта орун алган. Дарыянын узундугу — 17 км. Суу реестринин маалыматтары Орусиянын мамлекеттик суу реестринин маалыматы боюнча Төмөнкү Обь бассейнинин айла... |
Бистр (французча bistre) – 1. Саргыч түстүү, тунук, күрөң, жыгачтын көөсүндө атайын даярдалган сүрөт тартуучу материал. Б. мурунку сүрөтчүлөрдүн сүрөт тартуудагы сүйүктүү каражаты болгон. XVIII кылымдын аягында Б. сепияга жана тушка ордун бошоткон. Азыркы учурда Б. өз алдынча материал катары пайдаланылбайт. 2. Кы... |
Фото Александр Федоровдун архивинен |
Шанхай кызматтык уюму — Азиядагы ири уюм. Анын курамына аталган аймактагы кубаттуу өлкөлөр — Кытай жана Россия кирет. Мындан улам көпчүлүк ШКУну аймактын экономикалык, коопсуздук маселелеринде маанилүү роль ойногон эки мамлекеттин кызыкчылыгына байланыштырат. |
Орусиянын Томск шаарында сот индустардын ыйык китебинде экстремисттик материал жок деп тапты. Ошону менен Томскинин райондун соту андан төмөнкү соттун декабрдагы бүтүмүн күчүндө калтырды."Бхагавад Гитанын" орусча котормосунда Харе Кришна кыймылынын негиздөөчүсү Свами Прабxуpаданын кириш сөзү болгондуктан, прокурорлор б... |
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. |
Париждеги теракт ишемби күнү Венада өтчү Сирия боюнча сүйлөшүүгө таасир этет. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова кол салуу сүйлөшүүнүн күн тартибине өзгөртүү киргизерин жана сүйлөшүү процессине таасир этерин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады. Захарова Париждеги теракттын максаты жа... |
Сот Дүйшөмбүдө кармалган журналисттер Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Саидаминини камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы Абдусаттор Пирмухаммадзоданын туугандарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ал Сомони райондук сотунун чечими менен 27-июлда убактылуу тергөө абагына камал... |
Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Азимбек Бекназаров алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү ат... |
Чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ушул жума ичинде Ташкенде аяктаган жыйынында тараптар чек ара сызыгынын дагы үч чакырымын тактап, 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин жалпысынан 1046 чакырымын делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу бүгүн Азаттыкка сүйлөшүүдөгү кыргыз тоб... |
Бүгүн Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Эске салсак, сынак 4-декабрда белгиленүүчү Манас күнүнө карата уюштурулуп жатат. Таймаш эки багытта өтөт. Ага 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат. Ж... |
right "Деңиз жээгиндеги Манчестер" — 2016-жылы Америкада жарык көргөн драма. Сценарийдин автору жана режиссеру Кеннет Лонерган. Башкы ролдордо Кейси Аффлек, Мишель Уильямс, Кайл Чендлер жана Лукас Хежес. Тасмада маркум инисинин өспүрүм уулун караган чоң киши тууралуу баяндалат. Тасманын бет ачары 2016-жылдын 23-январын... |
Бул тууралуу Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон АКШнын Айова шатындагы дебат учурунда билдирди. Ал Ислам мамлекети экстремисттик тобу менен күрөштө дүйнө лидерлери күчүн бир жерге бириктириши керек болуп турганын айтты. Талапкерлер Хиллари Клинтон, сенатор Берни Сандерс жана Мэриленд шатыны... |
Бажы мөөрү – бажылык камсыз кылуу, ошондой эле бажы документтерин күбөлөндүрүү каражаттарынын бири. |
20-сентябрда Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматына Чолпон-Атадагы дарыканалардын биринде УКМКнын ыкчам кызматкерин көрсөтүп, күбөлүк көрсөткөн адам, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом талап кылган. Бул факты Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосунда, 2-берене боюнча катталып сотко чейинки... |
Франциянын жарандык авиация университети 1949-жылы түзүлгөн француз аэронавигациялык университети. Тулузада жайгашкан. 2011-жылдан бери ENAC Европадагы эң ири аэронавигациялык университет болуп саналат. ENAC жарандык аэронавтика тармагына, айрыкча аба транспорту ишмердүүлүгүнө багытталган бир нече окутуу курстарын өткө... |
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 166, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда — 55, Ош облусунда — 24, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 45, Жалал-Абад облусунда — 52, Баткен облусунда — 52 жаңы учур катталды. |
Бул шайлоо эки саясий күчтүн жарышы экенин, ошол эле кезде ал Молдова бийлигинин болочок багытын аныктоочу тандоо болорун айтышууда. Негизги кармаш Орусия башындагы Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр менен Молдованын Европага ыктаган башкаруучу коалициянын ортосунда болот. Өлкө боюнча үч миллиондон ашык ... |
«Учурда жабырлануучу Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуяга шектелип 4 жаран кармалды. Алар Сузак районунун тургундары. Соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынды», -деп айтылат маалыматта. |
20-декабрда Алма-Атада Нурсултан Назарбаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу «Көсөмдүн жолу» деп аталган киноэпопеянын уландысын тартуу иштеринин биринчи бөлүгү аяктады. |
Анда спортчу Токио Олимпиадасындагы финалга чейинки жана финалдагы кармашы, жеңилүү ызасы, күмүштүн баасы тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, Дүйнө чемпионатындагы унутулгус көз ирмем, эмоциялары менен бөлүшүп, айылда өткөн балалыгын да эстеди. Ошондой эле келечек пландары менен бөлүшүп, күндөлүк, ыр жазарын да жашы... |
Биринчи май райондук соту мурдакы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлктү камоодон бошотту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттон ырасташты. Тектеш Аскар Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди Прокуратура ага каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Аскарбек Шади... |
Sputnik / POOL Путин РФтин 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна жетүү планын айтты Кызыгы, азыркы каатчылыктан пайда көргөндөрдүн бири – биз жогоруда кеп кылган Ал Гор. Газдын баасы он эсе кымбаттагандыктан Британияда электр кубаты менен жабдылган ишканалар жапырт банкрот боло баштады. Ошондой компаниялардын биринен 13... |
Өлкөнүн мамлекеттик жогорку окуу жайлары 2 миң 520 абитуриентти бюджеттик орундарга кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. |
Мындай чечимди 6-мартта ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кабыл алды. Маалыматты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ырастады. Тектеш Кой-Таш окуя. 14 кишиге айып тагылып ишсотко жөнөтүлдү Анын сөзүнө караганда, жактоочулар судьядан сотту ачык өткөрү... |
«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникова менен вице-президенти камакка алынды. Бул тууралуу 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. |
Беттештин алдында Макгрегор менен Нурмагомедовдун ортосундагы мамиле кескин курчуп кеткен. Нурмагомедовдун жеңиши менен аяктаган беттештен кийин орусиялык мушкердин командасынын үч мүчөсү, анын ичинде машыктыруучусу Ризван Магомедов Макгрегордун командасы менен мушташ чыгарып, кармалышкан. |
Баткен районунун Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилет. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков айыл тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станциянын курулушу башталат. Чек арага жакын жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чарал... |
53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспор жана байланыш министри кызматтарын аркалаган. |
Ыдырыс Исаков Экомикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Айбек Токоевге каршы күрөштүн алкагында чакырылды. Журналисттен маалымат булагын ачып берүүнү талап кылышууда. |
Кыргызстанда 2019-жылдын 31-декабрынан 2020-жылдын 3-январына чейин 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 38 айдоочу, мас абалда рул башкарган 94 айдоочу, жас... |
22-25-февраль күндөрү жааган жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу капчыгайлардагы жолдордо кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болот. Мындай шартта автоунаалардын ортосунда аралык 500 метр болушу керек. Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-февралда көпчүлук аймактарда кар, жамгыр... |
Correspondent Bank: Federal Reserve Bank of New York, New York, USA, SWIFT: FRNYUS33 |
Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" жаңы көмөк чордону ишке кирип, анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышты Жапаров энергетика ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү үчүн страт... |
Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен суусуна түшүп кеткен 9 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт. |
Бир жолу куурчакка көйнөк тигип атып, кур керек болду. 1-сентябрга жакын болчу, үйдөгүлөр карындашымды базарга алып барып кийиндирип келишкен. Бутуна туфли сатып беришиптир, анда мага керектүү боосу бар экен. Жаңы буюмду бүлдүрүп, боосун кесип алып тил укканым эсимде... |
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет. |
«Индиянын Гуджарат штатындагы Морби шаарында асма көпүрө кыйрап, андан улам каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. |
КР ИИМнин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын башчысы, генерал Талантбек Исаевди азырынча УКМКга ага ачылган делген кылмыш иши боюнча суракка чакырыла элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады. - Бардыгы мага карата кылмыш иши ачылды деп ойлоп жатышат, бирок, бул андай эмес, антке... |
Кошумча маалымат берилет. |
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна ушул жылдын 8-октябрынан 14-октябрга чейин 2 миң 712 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. |
Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкекте диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү © |
Мифология. Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифоло... |
Маалыматка караганда, тасманын алгачкы эпизоду Таш-Рабат тарыхый комплексинде тартылды. Калган бөлүктөрү дагы башка тарыхый жайларда болот. |
Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын катышуучуларына жарашууга тыюу салынат. Бул тууралуу мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоордо адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгында тараптардын жарашуусун, судьялар тарабынан кылмыш жазасын белгилөөдө коррупци... |
Жаңы санкциялар Вашингтон Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин "кара тизмесине" кайра расмий түрдө кошкон соң бир күндөн кийин киргизилди. Санкция салынгандардын арасында Кытайдын төрт компаниясы жана Пхеньян менен соода-сатык жүргүзгөн бир кытайлык тургун, Түндүк Кореядан болсо жумушчуларды чет өлкөгө чы... |
Теги өзбек Алишер Усманов 20.3 миллиард доллары менен Британиянын Sunday Times гезити түзгөн байлардын тизмесинде биринчи орунга чыкты. 60 ка таяп калган ишкер бизнесин желим баштык чыгаруудан баштап, бүгүн Орусиядагы эң чоң темир иштетүүчү Металло. Инвест компаниясына ээлик кылат. Усманов ошондой эле британиялык Арсен... |
«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. |
Доллардын коммерциялык банктардагы наркы. |
Пемза – кычкыл лаванын көөп, бат суушунан пайда болгон көзөнөкчөлүү, быдырлуу, көпшөк жеңил (сууга чөкпөгөн) айнектүү жанар тоо теги. Химиялык курамы (америкалык геолог Р. Дэли боюнча): Si02 68-75%; ТIO2; А1203 11-14; Fe203 08-2; FeO 0,5-15; СаО 0,2-2,5; Na20 2,5-5; К20 1,5-3;N20+ 1,5-3. Отко чыдамдуу. Пемзанын көпшөкт... |
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Афганистандан качып кеткен президент Ашраф Гани жана анын үй-бүлөсүнө башпаанек берди. Бул тууралуу Эмираттардын WAM маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлиги билдирди, деп билдирет ТАСС. БАЭнин Тышкы иштер министрлиги Ганини гуманитардык негизде алганын билдирди. Эске сала кетсек, рад... |
Шэнандух (Айова) — Айова штатынын Пейдж округуна караган АКШ шаары. Шаардын аянты — 9.0 км². FIPS коду — 19-72525. Калкы 2010-жылы калкы 5546 киши болгон. |
Кыргызстанда диний экстремизм күч алууда. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын отурумунда ИИМдин өкүлдөрү билдирди. Фракция кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнес коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулоодо. Маалыматка ылайык, буга окшогон 597 факт аныкталган. Кылмыштуулук динамикасы 0,... |
Коронавируска чалдыккан 10 бейтап «импорттолгондор», 39у өлкөнүн ичинде катталгандар. Пекинде-3, Хэбэй провинциясында-3. Көз жумгандар жок. |
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда мамлекет Кумтөрдөн буга чейин 21 жылдын аралыгында болгону 84 миллион доллар алганын, ал эми быйыл эки айдын (июнь, июль) ичинде эле 90 миллион доллар пайда көргөнүн билдирди. Бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын так айткан эмес. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы р... |
Адам укугу боюнча эл аралык федерация (FIDH) кыргызстандык укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасуловага тилектештик резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу Парижде аталган федерациянын башкармалыгынын жыйынына катышып жаткан укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Азаттыкка билдирди. Резолюцияда Бир дүйнө - Кыргы... |
РБК басылмасы 2022-жылы орусиялыктар коңшу өлкөлөргө рекорддук көлөмдөгү акча которушканын жазды. Басылма Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Армения жана Кыргызстанга акча которуулардын статистикасын изилдеген. Ага ылайык, орусиялыктар былтыр Казакстанга 775 миллион доллардан ашык акча жөнөткөн. Бул 2014-жылдан берки рекорд... |
Арстандын күчүгүн Бишкекке алып келген киши аныкталды |
Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот. Кыргызстанда мунай баасы акыркы 1,5 жылда эки эсеге жакын кымбаттап кетти. 2021-жылдын январь айында 92 үлгүдөгү бензиндин баасы 35 сом болсо, ушул күндөрү 62 сомдон саты... |
Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага өз атынан автоунаа белек кылган эмес. Бул тууралуу REGNUM агенттигинин журналисттерине мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин атынан Раиса Атамбаевага эч кандай белек берилген эмес, - деп алар маалымдашкан. Эске салсак, кечээ КСДП Тата... |
Турмуш-тиричилик - күндөлүк турмуш тартиби, ирети (коомдук, улуттук, шаардык, кыштактык, үй-бүлөлүк, жеке адамдык Турмуш-тиричилик). Адамдардын материалдык муктаждыктарын (тамак-ашка, кийимге, турак жайга, ден соолугун сактоого), о. э. рухий байлыктарга, маданиятка ээ болуу, эс алуу, көңүл ачууну камтуучу өндүрүштөн ты... |
Көзөмөлдөгү жеткирип берүү – мамлекеттик органдар тарабынан белгилүү товарлардын жана нерселердин, анын ичинде эркин сатылышына тыюу салынган же чектелген баңгизаттарынын жана психотроптук каражаттардын эларалык мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо боюнча колдонулуучу усулу. КР бажы органдары (ар бир жолу КР эларалык келиш... |
Маалыматка караганда, жеке нотариус баланын чет жакка чыга турган паспортун толтурууга ата-энелердин макулдугу үчүн 350 сомдон алууда. |
Паризат Жакыпбекова: Мурдакы «Делбирим» менен азыркынын айырмасы чоң |
Тектеш |
Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу: УКМКнын тергөөчүлөрү кысым көрсөтүшүүдө |
Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. Буга чейин айыптоочулар мурунку мэрлердин баш коргоо чарасын карап чыгуу тууралуу билдирүү жасашкан. Прокурорлор кармоо мөөнөтүн узартууну, жактоочулар үйкамагына чыгарууну суранышууда. Жыйын залынан чы... |
Ош шаарында мас абалында ызы-чуу салып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн милиционер кызматынан алынды. Бул тууралуу 18-майда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.Милициядан кызматкер «ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык жана коомдук тартипти одоно бузду» деп белгилешти. Эмне болду? Фейсбукта ... |
Казакстан ВИЧке чалдыккан балдарга илдети тууралуу ачык айта баштады. 2017-жылы Түштүк-Казакстан облусунда 135 бала ВИЧ жуктургангынын билишти. Бул тууралуу журналисттерге Эне жана бала реаблитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов маалымдады. Шакеновдун айтымында, балдарга ВИЧ-статусу тууралуу өкмөттүк эме... |
Иш чаранын байкоочулары катары Ооганстан, Беларуссия, Иран жана Монголиянын президенттери катышууда. ШКУ саммитинде 20га жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө. |
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 218 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 17 оорукана дая... |
Кыргызстандагы партиялардын лидерлигине 30 жаштан ашкан адам гана келсин деген сунуш негизсиз. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр, Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов бөлүштү. Тактай кетсек, депутат Бакыт Төрөбаев Саясий партиялар жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү сунуштаган. Башка өзгөрүү... |
Ушу тапта Пентагондун колдоосу жана стандарттарына ылайык түзүлгөн армиялардын кыйрап баратканына күбөбүз: Грузия (2008-жыл), Ирак (2015-жыл), Афганистан (2021-жыл). Кезекте америкалыктар тынымсыз куралдандырып, машыктырып келе жаткан Украина. АКШ 10-октябрда Киевдин четиндеги Борисполь аэропортуна Украинанын Куралдуу ... |
Жарандык активисттер 10-июнь күнү БУУ алдында митинг өткөрүшмөкчү. |
Маалым болгондой, биринчи Элдик курултайды өткөрүү 2 этапта ишке ашырылат. Биринчи этап менен жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат жана анда мандат алган делегаттардын катышуусу менен Элдик курултайдын өтүүсү камсыздалат. |
Эртең Бишкекте Адриатикадан Кытайга чейин төрөп түшүүнүн актуалдуу маселелери аттуу талкуу болот. Жыйынга Түркиядан дарыгерлер катышат жана эне-баланын ден-соолугун сактоо боюнча тажрыйба алмашуу болот. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жыйында бул жаатта Евразиялык ассоциация түзүү демилгеси да каралмакчы. Мынд... |
Кыргызстандын атынан эркектер курама командасы ат салышууда. Алгачкы беттеште кыргызстандыктар италиялык команданы 5:4 эсебинде утуп алган. Кийин мексикалыктардан жана австриялык командадан жеңилип калышты. |
Мыйзам долбоорунун авторлору — Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас, депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин документ 2018-жылы АКШда кабыл алынган Улуттук кибер коопсуздук стратегияларынын агрессивдүү мүнөзүн эске алуу менен иштелип чыкканын билдиришкен. |
25% |
Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди коронавирустан кантип коргойбуз?" деп аталган брифингге катышкан. © |
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 1-ноябрда ырчы Самара Каримованы Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Жаманкулов Каримова бул кызматка статс-катчы тарабынан мыйз... |
Кыргызстанда 25-февралга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Алардан: Бишкек шаарында 9 адам; Ош - 0;Чүй облусу 12;Ош облусу 0;Талас облусу 2;Нарын облусу 0;Ысык-Көл облусу 0;Жалал-Абад облусу 2;Баткен облусу 0. Бир суткада эки адам коронавирустан каза бо... |
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата сот өкүмүн күчүнө киргизди, ал кайрадан соттолуучу болуп эсептелет. Маалыматты Sputnik агенттигинин кабарчысына жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады. Чечим 12-октябрда кабыл алынган. Эске салсак, Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаев... |
Эртең Казакстандын жаңы президенти Касым-Жоомарт Токаевдин инаугурациясы өтөт |
Перескокна — Орусиядагы дарыя. Кемеров облусу жер аймактарын агып өтөт. Дарыя куйган жери — Түштүк Уньга дарыясынын сол жээгинен 35 км алыстыкта орун алган. Дарыянын узундугу — 15 км. Суу реестринин маалыматтары Орусиянын мамлекеттик суу реестринин маалыматы боюнча Жогорку Обь бассейнинин айланасында жатат, дарыянын су... |
Маалыматта «Шалаакылык» беренеси менен иш козголгондугу айтылат. Анда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитети, «Улуттук энергохолдинг», «Электрстанциялар» жана «Бишкек жылуулук электр борбору» ишканаларынын аткаминерлери кышка даярдык көрүүдө милдеттерин так аткарбагандыктан шаардагы үйл... |
Subsets and Splits
No community queries yet
The top public SQL queries from the community will appear here once available.